Сертификация маалыматы (SAR)
Бул мобилдик аппарат радио толкундарынын таасири менен байланышкан жолдомолордун талаптарына жооп берет.
Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана кабыл алгыч. Ал эл аралык колдонмолордун радио толкундарынын
таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул колдонмолор ICNIRP көз
каранды эмес илимий уюму тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден соолук абалындагы адамдарды сактоо
үчүн коопсуздук чектерин камтыйт.
Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specific Absorption Rate (Салыштырма Сиңме Чен) же SAR аттуу
ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда көрсөтүлгөн SAR чеги 10 грамм дене ткандарына орточо баа менен
алганда 2.0 Ватт/килограммга (В/кг) жеткенде туура келет. SAR тесттери кадимкидей иштетүү акыбалда колдонулган,
бардык текшерүүгө туура келген жыштык тасмалар боюнча, тастыктоого болгон күчтүн эң жогорку деңгээлине коюлуп
иштетилген аспап үчүн өткөрүлгөн. Иштеп жаткан аппараттын SAR деңгээли эң жогорку нарктан төмөн болушу мүмкүн,
анткени аппарат тармагына жетүү үчүн талап кылынган кубаттуулукту гана пайдаланууга түзүлгөн. Тармак
станциясына жайгашууңуз канчалык жакын болгондугуна жана башка ушу сыяктуу факторлорго жараша бул сан
өзгөрүп турат.
ICNIRP колдонмолору боюнча SARдын эң жогорку наркы аппаратты кулакка тийгизгенде 0,61 ватт/кг .
Аппараттын жабдууларын колдонуу SARдын түрдүү нарктарына алып келет. SAR нарктары улуттук отчет берүү жана
сыноо талаптарына жараша жана тармактын тасмасына жараша өзгөрүлүүгө тийиш. Кошумча SAR маалыматы өнүм
маалыматы менен www.nokia.com сайтында камсыз кылынат.
44
Продукт жана коопсуздук маалыматы