Nokia C2 03 - Батарейка коопсуздугу

background image

Батарейка коопсуздугу
Батарейканы алуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөдөн ажыратып, аппаратты өчүрүү керек. Качан сиз

заряддагычты же кошумча аспапты сууруп жатканда шнурун эмес, сайгычын кармап, сууруңуз.

Эгерде заряддагыч колдонулбай турса, аны электр розеткасынан жана аппараттан сууруп коюңуз. Толугу менен

заряддалган батареяны заряддагыч түзүлүшкө кошулган боюнча таштап койбоңуз, анткени ашыкча заряддоо

батареянын толук кызматтык мөөнөтүн кыскартышы мүмкүн. Колдонулбаса деле толук заряддалган батарея

убакыттын өтүшү менен зарядын жоготот.

Батареяны дайыма 15°C жана 25°C (59°F жана 77°F) аралыгындагы температурада сактаңыз. Адаттан тыш

температуралар батареянын батыруу көлөмүн жана колдонуу убактысын кыскартат. Ысыган же муздаган батареясы

бар аппарат батарея толук заряддалганына карабастан убактылуу иштебөөсү мүмкүн.

Продукт жана коопсуздук маалыматы

41

background image

Батареянын темир сызыкчаларына башка темир буюмдар жана нерселер тийишкенде, мисалы, ашык батареяны

чөнтөктө салып жүрсөңүз, кокустан кыска туташуулар пайда болушу мүмкүн. Кыска туташуулар, батареяга же тийген

буюмга зыян кылышы мүмкүн.

Батареяны отко жакын кармабаңыз, анткени ал жарылуусу мүмкүн. Батареяны жергиликтүү эрежелерди сактап жок

кылыңыз. Мүмкүн болсо кайра иштетүүгө бериңиз. Кадимки үй чарба таштандысы катары таштабаңыз.

Батареяны же анын уюкчаларын тышын сыйрып, кесип, ачып, жанчып, бүгүп, тешип же өз өзүнчө бөлбөңүз. Эгерде

батарейка суюктугу агып калса, ал көзүңүзгө же териңизге тийбегендей болсун. Андай кокустук орун алса, жаба

тарткан жерлерди дароо аккан сууга тосуп жууңуз, же болбосо медицинакалык жардамга кайрылыңыз.

Батарейканы кайрадан жасоого, ичине бөтөн объекттерди киргизүүгө аракет кылбаңыз, сууга же башка суюктук ичине

салып же аларга тийгизбеңиз. Батареяга зыян келтирилген учурда дагы ал жарылуусу мүмкүн.

Батареяны жана заряддык түзүлүштү, алардын түз максаттарында гана колдонуңуз. Батареяны туура эмес же

тастыкталбаган батареяларды же туура келбеген заряддык түзүлүштөрдү колдонуу от чыгуу, жарылуу жана башка

коркунучту алып келиши мүмкүн жана каалаган колдоону же кепилдикти жокко чыгарышы мүмкүн. Эгерде батареяңыз

зыянга учурады деп ишенсеңиз, аны кайра пайдалануудан мурда, техникалык тейлоо борборуна жарамдуулугун

текшерүүгө алып барыңыз. Эч качан, бузулууга учураган зарядоо түзүлүшүн же батареяны колдонбоңуз. Заряддоо

түзүлүшүн имарат ичинде гана колдонуңуз.