Nokia C2 03 - Санариптик Укуктарды Башкаруу тууралуу

background image

Санариптик Укуктарды Башкаруу тууралуу
Бул аппараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда баардык мыйзамдарга баш ийиңиз жана жергиликтүү

салттарды, башка адамдардын жекелигин жана мыйзамдуу укуктарын, анын ичинде автордук укуктарды сыйлаңыз.

Автордук укуктар сүрөттөрдү, обондорду жана башка мазмунду көчүрүүдөн, өзгөртүүдөн, таркатуудан сакташы

мүмкүн.

40

Продукт жана коопсуздук маалыматы

background image

Мазмун ээлери, өздөрүнүн интеллектуалдык менчигин жана автордук укуктарын коргоо үчүн, санариптик укуктарды

башкаруу (DRM) технологияларынын ар кандай түрлөрүн колдонушат. Бул түзүлүш, DRM технологиясы тарабынан

корголгон мазмунга кирүү үчүн, ар кандай DRM программаларын колдонот. Бул түзүлүштүн жардамы менен сиз,

WMDRM 10 жана OMA DRM 1.0 аркылуу корголгон мазмунга кире аласыз . Эгерде белгилүү бир DRM программасы,

мазмунду коргоону ишке ашыра албай калса, мазмун ээлери ал DRM программасынын, DRM технологиясы тарабынан

корголгон жаңы мазмунга кирүү мүмкүнчүлүгүн жараксыз деп жарыялоону сурай алышат. Жараксыз деп табуу,

ошондой DRM технологиясы тарабынан корголгон мазмундун, аппаратыңызда эчак жаңылануусун алдын алышы

мүмкүн. Ошондой DRM программаларынын жараксыз деп табылышы, DRM технологиясынын башка түрү менен

корголгон мазмундун же DRM-эмес технологиясы аркылуу корголгон мазмундун колдонулушуна таасирин тийгизбейт.

DRM менен корголгон маалыматтар тиешелүү лицензия менен кошо келет. Ал сиздин маалыматты колдонууга болгон

укугуңузду тастыктайт.

Эгер Cиздин аппаратыңызда OMA DRM тарабынан корголгон маалымат болсо, анын лицензияларын жана камтылган

мазмунун сактоого, Nokia Ovi Suite камдык сактоо өзгөчөлүгүн колдонуш керек.

Сиздин аппаратыңыздын эс тутуму форматталгандан кийин, OMA DRM менен корголгон мазмунду пайдаланууну

улантуу үчүн керек болгон лицензиялар башка берүү жолдору менен өткөрүлбөй калышы мүмкүн. Сиздин аппараттагы

файлдар бузулуп калса, лицензияларды кайра калыбына келтирүүгө туура келет.

Эгер аппаратыңызда WMDRM тарабынан корголгон мазмун бар болсо, аппарат эс тутуму форматталган учурда

лицензиялар жана мазмун да кошо жок болот. Аппаратыңыздагы файлдар бузулуп калса, сиз, лицензияларды жана

камтылган мазмунду жоготуп калышыңыз мүмкүн. Лицензияларды же корголгон маалыматты жоготуу, аппаратыңыз

менен ошол эле мазмунду кайра колдонуу мумкүнчүлүгүңүздү чектетиши мүмкүн. Кошумча маалымат алуу үчүн

кызмат тейлөөчүгө кайрылыгыңыз.

Кээ бир лицензиялар SIM картанын бир түрүнө байланышкан болушу мүмкүн жана корголгон мазмунга, SIM карта

аппаратка коюлган учурда гана кирүүгө болот.