Nokia C2 03 - Кирүү коддору

background image

Кирүү коддору

PIN же PIN2 коду
(4-8 сандар)

Бул нерселер SIM картаңыздын уруксатсыз

колдонулушунан коргойт же айрым мүмкүнчүлүктөрдү

колдонууда талап кылынат.

Шайманыңызды иштеткенде ал PIN кодду сурай тургандай

кылып орнотсоңуз болот.
Эгер коддор SIM картаңызда камтылбаса же аларды унутуп

койсоңуз, жергиликтүү кызмат тейлөөчүңүзгө кайрылыңыз.
Эгерде сиз кодду үч жолу катары менен туура эмес

киргизип алган болсоңуз, кодду PUK же PUK2 кодунун

жардамы менен бөгөттөн чыгарышыңыз керек.

PUK же PUK2 коду
(8 сан)

Булар PIN же PIN2 кодун бөгөттөн чыгарууда талап

кылынат.
SIM картаңызда камтылбаса, кызмат тейлөөчүңүзгө

кайрылыңыз.

12

Негизги колдонуу

background image

IMEI номери
(15 сан)

Бул тармактагы жарактуу шаймандарды таануу үчүн

колдонулат. Бул сан, мисалы, уурдалган шаймандарды

бөгөттөө үчүн колдонулушу мүмкүн.
IMEI санын көрүү үчүн, *#06# териңиз.

Кодду (коргоо

кодун) бөгөттөө
(кеминде 4 сан же

белги)

Бул нерсе шайманыңыздын уруксатсыз колдонулушунан

коргойт.
Шайманды сиз белгилеген бөгөттөө кодуна жараша

жөндөй аласыз. Тымызын бөгөттөө коду 12345.
Кодду купуя жана коопсуз жерде, шайманыңыздан

тышкары сактап коюңуз.

Эгер сиз кодду унутуп, жана аспабыңыз бекилип калса,

аспабыңызды тейлөө кызматка көрсөтүүгө туура келет.

Кошумча төлөм алынып, жана аспабыңыздагы бардык

өздүк маалымат жоголуп калышы мүмкүн.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Nokia Care жайына же

шайманыңыздын сатуучусуна кайрылыңыз.