
Телефон менен компьютердин ортосунда камтылгандарды көчүрүү
Сүрөттөрүңүздү жана башка камтылгандарды телефонуңуз жана ылайыктуу
компьютердин ортосунда көчүрүү үчүн, USB маалыматтар кабелин колдонсоңуз
болот.
1 Телефонуңузду компьютерге туташтыруу үчүн, ылайыктуу USB кабелин
колдонуу.
2 Төмөнкү режимдерден тандаңыз:
Nokia Ovi Suite — Компьютериңизде Nokia Ovi Suite орнотулган.
Медия өткөрүү — Nokia Ovi Suite компьютериңизде орнотулган эмес. Эгер
телефонуңузду үй-бүлөлүк көңүл ачуу тутумуна же принтерге туташтыргыңыз
келсе, ушул режимди колдонуңуз.
Масс. сактагыч — Nokia Ovi Suite компьютериңизде орнотулган эмес.
Компьютерде телефон көтөрүп жүрмө шайман түрүндө чагылдырылат.
Телефонуңузду үйдөгү же машинадагы стерео ойноткуч сыяктуу башка
шаймандарга туташтырууну кааласаңыз, ушул режимди колдонуңуз.
3 Камтылганды көчүрүү үчүн, компьютериңиздеги файл тескемесин
колдонуңуз.
Байланыштарды, музыка файлдарын, видеолорду же сүрөттөрдү көчүрүү
үчүн, Nokia Ovi Suite колдонуңуз.